1. Дайындарды коргоо эскертмеси
Robert Bosch Power Tools GmbH (мындан тарта“Bosch Power Tools” же “биз” катары аталган) компаниясынын вебсайттарына жана мобилдик колдонмолоруна (экөө бирге “онлайн-кызмат” катары аталат) баш багып жана компаниябыздын жана продукттарыбызга кызыкканыңыз үчүн рахмат.
2. Bosch Кубат Куралдары жекелигиңизди урматтайт
Биз үчүн, жеке дайындарыңызды жана бардык ишкердик маалыматтарыңыздын коопсуздугун иштетип жатканда купуялыгыңызды коргоо ишкердигибизде эсибизде алган маанилүү нерселер. Биздин онлайн-кызматыбызга баш бакканыңызда топтолгон жеке дайындарыңызды купуя жана катуу, мыйзамдык нормаларга ылайык иштетебиз.
3. Көзөмөлдөгүч
Дайындарыңызды иштеткен көзөмөлдөгүч бул - Bosch Power Tools; бардык эрежеден тышкы маалыматтар ушул Дайындарды коргоо эскертмесинде так белгиленген.
Биздин байланыш маалыматтарыбыз төмөндөгүдөй: Robert Bosch Power Tools GmbH, Max-Lang-Straße 40-46, 70771 Leinfelden-Echterdingen, Германия kontakt@bosch.de.
4. Жеке дайындарды топтоо, иштетүү жана колдонуу
4.1 Иштетилген дайындардын категориялары
Биз төмөндөгүдөй дайындардын категорияларын иштетебиз:
• Дайындарды пландаштыруу жана башкаруу
• Дайындарды өткөрүү
4.2 Негизги принциптер
Жеке маалымат - бул идентификацияланган жана идентификацияланып жаткан физикалык жактын болгон маалыматтары, мисалы, аттары, даректери, телефон номерлери, электрондук почта даректери жана адамдын жекелигин көрсөтүп турган келишим, бухгалтердик жана төлөө маалыматтары.
Биз мыйзамдык негиз болгон кезде же катталып жатканда сиз өз макулдугуңузду берген болсоңуз, жеке дайындарды гана (IP-даректерди) топтоп, иштетип жана колдонобуз.
4.3 Биз жана биз тарткан кызмат камсыздоочулар жеке дайындарыңызды төмөндөгү максаттар үчүн иштетебиз:
– Ушул онлайн-кызматты камсыз кылуу
(Укуктук негиз: Келишимдин аткарылышы).
– коопсуздук себептеринен улам бузулууларды аныктоо
(Укуктук негиз: дайындардын коопсуздугуна карата юридикалык милдеттемелерибизди аткарып жана бузулууларды жок кылып жана кызматтарыбызды көрсөтүүдө коопсуздукту камсыз кылуу).
– Укуктарыбызды коргоо
(Укуктук негиз: Укуктарыбызды коргоп жана жактоо үчүн мыйзамдык кызыкчылыгыбыз).
4.4 Журнал файлдары
Интернетти ар колдонгонуңузда, веб серепчиңиз айрым маалыматтарды автоматтык түрдө өткөрөт жана биз аларды “журнал файлдарында” сактайбыз.
Биз журнал файлдарын дефекттерди аныктоо үчүн жана коопсуздук себептерден улам (мисалы. бузуп кирүү аракеттери тууралуу маалымат үчүн) 30 күнгө сактап, андан соң аларды өчүрүп салабыз. Далил катары көбүрөөк мөөнөткө сактала турган журнал файлдары, каралып жаткан инцидент толугу менен аныкталгыча өчүрүлбөйт жана айрым жагдайларда тергөө органдарына өткөрүп берилет.
Журнал файлдары (IP-дарегисиз же жарым-жартылай IP дареги менен) дагы талдоо максаттары үчүн колдонулат; “Веб талдоо” бөлүмүн караңыз. Журнал файлдарында негизи төмөндөгү маалыматтар сакталат:
– онлайн-кызматка кирген түзмөктүн IP дареги (Интернет протоколунун дареги);
– онлайн-кызматка кирүүгө көммөкчү болгон вебсайттын интернет дареги (URL-реферрери);
– онлайн-кызматка кирүүгө көмөкчү болгон кызмат камсыздоочусунун аты ;
– Файлдардын аталыштары же алынган маалымат;
– Баш багуунун күнү, убагы жана узундугу;
– Өткөрүлгөн дайындардын көлөмү;
– Операциондук система жана кайсы болбосун орнотулган кошунду (мисалы Flash Player үчүн) колдонулган веб-серепчиси тууралуу маалымат;
– Http статусунун коду (мис. “талап ийгиликтүү такарылды” же “талап кылынан файл табылган жок”).
4.5 Балдар
Бул онлайн-кызмат 16 жашка чыга элек балдарга туура келбейт.
4.5 Маалыматтарды башка көзөмөлдөөчүлөргө кайра жөнөтүү
Биз сиздин жеке маалыматтарды эгер бул контрактты аткаруу үчүн зарыл болсо, эгер биз же үчүнчү жак маалыматтарды берүүгө мыйзамдуу кызыкчылыкка ээ болсо же эгер сиз буга өзүңүздүн макулдукту берсеңиз, башка көзөмөлдөөчүлөргө беребиз. Укуктук негиздер жөнүндө кеңири маалымат “Колдонуу максаттары жана укуктук негиздер” бөлүмүндө берилген. Үчүнчү жактар Bosch Group'тун башка компаниялары дагы болушу мүмкүн. Мыйзамдуу кызыкчылыктын негизинде маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү ушул Дайындарды коргоо эскертмесинде түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары эгерде биз муну укуктук жоболордун же милдеттүү расмий же сот органдарынын чечиминин негизинде жасоого милдеттүү болсок, маалыматтар башка көзөмөлдөөчүлөргө берилиши мүмкүн.
4.7 Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү (жалпы)
Биз тышкы кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөргө маалыматтардын хостинги сыяктуу милдеттерди аткарууну тапшырабыз. Биз бул кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдү кылдат тандайбыз жана үзгүлтүксүз, өзгөчө алар сактаган маалыматтарды аяр колдонууга жана маалыматтарды коргоого тийиштүү аларды көзөмөлдөйбүз. Биз бардык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдөн купуялуулукту сактоону жана мыйзамдардын талаптарын сактоону талап кылабыз. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр Bosch Group'ка кирген башка компаниялар болушу мүмкүн.
4.8 Сактоонун узактыгы; сактоо мөөнөттөрү
Биз маалыматтарыңызды биздин онлайн-кызматтарды жана аны менен байланыштуу кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгончо, же бизде аларды андан ары сактоого мыйзамдуу кызыкчылыктар болгон учурда (мисалы, бизде келишим аткарылгандан кийин дагы почта маркетингине мыйзамдуу кызыгуу болушу мүмкүн) сактайбыз. Калган учурларда биз юридикалык милдеттенмелерди аткаруу үчүн биз узак сактоого милдеттүү болгон маалыматтардан тышкары (мисалы, биз контракттар жана эсептер сыяктуу документтерди салык жана коммерциялык эрежелерине ылайык белгилүү убакыт сактоого милдеттүүбүз), сиздин жеке маалыматтарды өчүрөбүз.
5. Cookie файлдарын колдонуу
Cookie файлдары жана көзөмөлдөө механизмдери биздин веб-сайтты сунуштоо контекстинде пайдаланылышы мүмкүн.
Cookie файлдары – веб-сайтка киргенде сиздин акыркы түзүлүштө сакталып кала турган кичинекей текст файлдары.
Көзөмөлдөө ар кандай технологиялардын жардамы менен мүмкүн болуп калды. Биз маалыматты пиксель технологиясын пайдалануу жана журнал файлдарын талдоо менен иштеп чыгабыз.
5.1 Категориялар
Биз веб-сайтты жана анын функцияларын пайдалануу үчүн керектүү cookie файлдарын жана веб-сайттын иштөөсү үчүн өтө керектүү болбогон cookie файлдарын жана механизмдерди айырмалайбыз.
Веб-сайттарды өтө зарыл болуп саналбаган cookie файлдары жок пайдалана берүүгө болот.
5.1.1 Өтө зарыл cookie файлдары
Өтө зарыл cookie файлдары – бул веб-сайттын функцияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү аткаруусун камсыздоо мүмкүн болбогон cookie файлдары. Аларга мисалы, мазмундун видеосун же аудиосун кемчиликсиз ойнотууну кепилдөө үчүн маалыматтарды сактаган cookie файлдары кирет.
Бул cookie файлдары сиз веб-сайттан чыгып кеткенде өчүрүлөт.
6. Тышкы шилтемелер
Биздин онлайн-кызмат четтик веб-сайттарга, башкача айтканда, биз менен байланыштуу болбогон жеткирип берүүчүлөргө шилтемелерди камтышы мүмкүн. Сиз шилтемени баскандан кийин, шилтемеге басууда үчүнчү тарапка берилген кандайдыр бир жеке маалыматтарды (шилтемени камтыган IP-дарек же баракчанын URL-дареги сыяктуу) жыйноону, иштеп чыгууну жана пайдаланууну биз контролдой албай калабыз, анткени үчүнчү жактардын жүрүм-туруму биздин көзөмөлдөн тышкары турат. Биз бул жеке маалыматтарды үчүнчү жактардын иштеп чыгуусу үчүн жоопкерчилик тартпайбыз.
7. Коопсуздук
Биздин кызматкерлер жана биз тапшырган кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр купуялуулукту сактоого жана маалыматтарды коргоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын жоболорун сактоого милдеттенишет.
Биз коргоонун талаптагыдай деңгээлин камсыздоо жана биз башкарган сиздин маалыматтарды коргоо, атап айтканда, атайлап эмес же мыйзамсыз жок кылуу, манипуляциялоо, жоготуулар, өзгөртүү же санкцияланбаган ачуу же кирүү тобокелдиктеринен коргоо үчүн бардык керектүү техникалык жана уюштуруу чараларын көрөбүз. Биздин коопсуздук чараларыбыз технологиялардын өнүгүшүнө ылайык тынымсыз өркүндөтүлөт.
8. Колдонуучу укуктары
Өз укуктарыңызды пайдалануу үчүн, “Байланыштар” бөлүмүндөгү маалыматты пайдаланыңыз. Мында биз сизди так идентификациялай алаарыбызды текшериңиз.
Маалымат алуу укугу жана маалымат субъектине жетүү укугу:
Сиз бизден маалыматтарыңызды иштеп чыгуу жөнүндө маалыматты алууга укуктуусуз. Бул жаатта биз иштеп чыга турган сиздин жеке маалыматтар жөнүндө маалымат алууга өз укугуңузду пайдалана аласыз.
Оңдоо жана өчүрүү укугу::
Сиз бизден туура эмес маалыматты оңдоону жана мыйзам талаптарын сактоодо сиздин маалыматтарды жыйынтыктоону же өчүрүүнү талап кыла аласыз.
Бул эсептөөлөр жана бухгалтердик эсепке алуу үчүн талап кылынган, же милдеттүү сактоого жаткан маалыматтарга кирбейт. Бирок, эгерде мындай маалыматтарга жетүү талап кылынбаса, аларды бардык иштеп чыгуулар чектелет (төмөндү кара).
Иштеп чыгууну чектөө:
Мыйзам талаптарын сактоодо сиз бизден сиздин маалыматтарды иштеп чыгууну чектөөнү талап кыла аласыз.
Маалыматтардын сакталуучулугу:
Ошондой эле сиз бизге берген маалыматтарды түзүмдөлгөн, кеңири колдонулган жана машинада окула турган форматта алууга укуктуусуз жана эгер бул техникалык жактан мүмкүн болсо, мындай маалыматтарды үчүнчү тарапка берүүгө укуктуусуз.
Маалыматтарды иштеп чыгууга каршы чыгуу:
Сиз ошондой эле каалаган убакта эгер маалыматтарды иштеп чыгуу мыйзамдуу кызыкчылыктарга негизделген болсо, биздин маалыматтарды иштетүүбүзгө каршы чыгууга укуктуусуз. Андан кийин биз мыйзам талаптарына ылайык - сиздин укуктарды жокко чыгарган иштеп чыгуу үчүн олуттуу мыйзамдуу негиздерди көрсөтө албасак, биз сиздин маалыматтарды иштеп чыгууну токтотобуз.
Түздөн-түз маркетингке каршы пикир:
Кошумча катары каалаган убакта жеке маалыматтарыңыздын маркетинг максаттарында колдонулушуна каршы чыга аласыз (“маркетингге каршы пикир”). Уюштуруу себептеринен улам, өткөрүлүп жаткан кампания убагында каршы пикириңизди берүү жана дайындарды колдонууда дал келиши мүмкүн болгонуна көңүл буруңуз.
Укуктук негиз юридикалык кызыкчылык болгон кезде, дайындарды иштетүүгө каршы болуу:
Сиз ошондой эле каалаган убакта эгер маалыматтарды иштеп чыгуу мыйзамдуу кызыкчылыктарга негизделген болсо, биздин маалыматтарды иштетүүбүзгө каршы чыгууга укуктуусуз. Андан кийин биз мыйзам талаптарына ылайык - сиздин укуктарды жокко чыгарган иштеп чыгуу үчүн олуттуу мыйзамдуу негиздерди көрсөтө албасак, биз сиздин маалыматтарды иштеп чыгууну токтотобуз.
Макулдукту кайтаруу:
Эгер дайындарыңызды иштеп чыгууга макулдугуңузду берген болсоңуз, аны келечекте натыйжасы менен каалаган убакта артка кайтара аласыз. Бул алууга чейинки иштеп чыгуунун мыйзамдуулугуна таасирин тийгизбейт.
8.1 Көзөмөлдөөчү органга доомат берүү укугу:
Дайындарды коргоо органына доомат менен кайрылуу укугуңуз бар. Бул максат менен сиз жашаган жериңизде же федералдык штатта сиз үчүн жоопкерчиликтүү дайындарды коргоо органына же биз үчүн жоопкерчиликтүү дайындарды коргоо органына кайрыла аласыз. Бул:
Der Landesbeauftragte für den Datenschutz und die Informationsfreiheit
Дареги:
Königstrasse 10a
70173 Штутгарт, Германия
ГЕРМАНИЯ
Почта дареги:
Postfach 10 29 32
70025 Штутгарт, Германия
ГЕРМАНИЯ
Тел.: +49 (711)/615541-0
ФАКС: +49 (711)/615541-15
E-mail: poststelle@lfdi.bwl.de.
9. Дайындарды коргоо эскертмесине өзгөртүүлөр
Биз коопуздук жана дайындарды коргоо чараларыбыз техникалык өнүгүүдөн улам талап кылынган болсо, өзгөртүү укугун өзүбүзгө сактайбыз. Мындай жагдайларда, дайындарды коргоо маалыматтарыбызды да тиешелүү түрдө түзөтөбүз. Ошондуктан, Дайындарды коргоо эскертүүбүздүн эң акыркы нускасын карап чыгыңыз.
10. Байланыш маалыматтары
Эгер биз менен байланыш кыңыз келсе, "Көзөмөлдөөчү" бөлүмүндө берилегн даректи колдоно аласыз.
Укуктарыңызды көрүү үчүн, төмөндөгү шилтмени колдонуңуз: https://request.privacy-bosch.com/entity/PTDE/?app=16930755-b36b-44b9-bad1-767a835e77f12.
Дайындарды коргоо эрежелеринин бузуулары тууралуу кабар берүү үчүн төмөндөгү шилтемени басыңыз: https://www.bkms-system.net/bosch-datenschutz.
Жеке дайындарыңыз мштетилгени тууралуу сунуштарыңыз же дооматтарыңыз тууралуу биздин Дайындарды коргоо боюнча кызматкерибизге кайрылууңузду сунуштайбыз:
Datenschutzbeauftragter
Abteilung Informationssicherheit und Datenschutz Bosch-Gruppe (C/ISP)
Postfach 30 02 20
70442 Штутгарт
ГЕРМАНИЯ
же
mailto: DPO@bosch.com
Акыркы жолу текшерүүдөн өткөн күнү: 13.10.2020